Жаңылыктар

Болд Магван, XacБaнk,Монголия: “Компаньон жаратылышты коргоо үчүн чоң салым кошту.”

1 12 2017

Болд Магван мырза, Монголиядагы ХасБанктын Башкы аткаруучу директору биринчи жолу Кыргызстанга тажрыйба алмашуу жана туруктуу каржылоо негиздерин жайылтуу үчүн келип кетти. Монголиянын эң чоң банктарынын биринин башчысы Жашыл Экономика форумуна катышты, бир нече жергиликтүү каржы адистери менен жолугушту жана Компаньон Банкынын тажрыйбасынан үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бөлдү. Убакыттын аз болгондугуна карабастан, биз менен маек курууга убакыт бөлгөндүгү үчүн биз Болд Магван мырзага ыраазычылык билдиребиз. 

Компаньон жана ХасБанк –  өнөктөш компаниялар

Мен Кыргызстанга эки себеп менен келдим: биринчиден, Бишкекте өткөн «Жашыл экономика» форумуна  Монголиянын банкирлер Ассоциациясынын атынан катышууга келдим. Бизди туруктуу каржылоо боюнча тажрыйба алмашуу үчүн чакырышты. Экинчи себеп –Компаньон Банкына келип, анын жайыттарды башкаруу иштөө тажрыйбасын үйрөнүү и перенять. Мен Компаньон тууралуу көптөн бери билем, бирок мурда келүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Компаньон жана ХасБанк – бул өзүнчө өнөктөш компаниялар сыяктуу: биздин негиздөөчүөрүбүз жана акционерлерибиз бир (Мерсико жана Triodos), биздин көз каршыбыз жана миссиябыз дээрлик опокшош. Эгер эки өлкөнүн  банктык сектору тууралуу айта турган болсок,  кээ бир окшоштуктар бар, анткени биздин өлкөлөр окшош жолдорду басып өтүштү – мурдагы борбордоштурулган экономикадан базар экономикасына негизделген системага карай өтүштү. Биздин суроолорубуз жана көйгөйлөрүбүз окшош, биздин  банктык секторлор да окшош. Эки өлкө тең эң баштан баштап, эл аралык банктык системаны курууга аракеттенип жатышат.

ХасБанктын үч негизги ийгилик фактору

Азыркы убакта ХасБанк –1 миллиард АКШ долларында активдери бар Монголиянын 4- эң чоң банкы болуп саналат. Эл аралык стандарттарга шайкеш келүү боюнча да биз эң алдыңкыларданбыз.  Мен ХасБанк ийгилигинин үч негизги факторун айта алам. Биринчиден, Монголияда банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик башкаруу мыйзамдык чектөөлөрү минималдуу, жана бул бизге финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча эркиндик берет. Ийгиликтин экинчи фактору – булл эл аралык коомчулуктун убагында келип, жардам берүүсү – өнөктөштөр ХасБанкка Монголияда микро насыялоону колдоо үчүн инвестиция кылышты. Бул инвестициялар акчалай гана эмес, техникалык билимдерди жана тажрыйбаны, ачыктыкты, башкарууну, байланыш курууну, тренингдерди, чет элдик рынокко чыгууну камтыган –бул Монголия үчүн абдан маанилүү салым. Ийгиликтин үчүнчү фактору – бул жергиликтүү жетекчилердин жакшы командасы, алар способная принимать жаңы идеяларды кабыл жакшы кабыл алышат, жана креативдүү, инновациялуу жана динамикалык ойлоргоо ээ. Бул үч компонент бизге ийгиликке жетүүгө жардам берди.  

Компаньон инициативалары менен сыймыктанышы керек

Компаньон жаратылышты сактоого көп салым кошууда. Менчик банктын Кыргызстандын жерин бузулуудан сактоого умтулуусу абдан кызык. Биз Компаньондун кардарларына, койчуларга жана Караколдун жанындагы айылдык тургундарга бардык, жана жер үчүн кантип кам көргөндүгүн көрдүк. Койчулар жана үй-бүлөлөр Компаньондун тренингдерине чоң кызыгуу менен келишти, жана алар жайыттар өз калыбына келитирилип жатканын көрүп абдан сүйүнүштү. Жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер жана үй чарбалары сиздин Банк уюштурган бул иш-чарага активдүү катышышты. Компаньон бул демилгеси менен сыймыктанышы керек. Банктын штаттык ветеринарлары жана агрономдору жер ресурстарын башкаруудан башка койчуларга жана элге мал оорулары жана кантип мал багуу ыкмаларын жакшыртуу тууралуу кеңештерин беришти. Компаньондун бул иш-чаралары коомчулук үчүн пайдалуу багыт болуп саналат. Компаньон ветеринарлардын жана агрономдордун населением техникалык билимдерин жана ыкмаларын бөлүшүү аркылуу мал ооруларынан сактанууга жардам берип жатат.  

Эң жакында башкалар да Компаньондон сабак алышат

Жерди бузулуудан жана малды оорудан сактоо – негизи мындай маанилүү маселелерди мамлекет, жарандык коом жана койчулар чечиши керек. Компаньон демилгени алып, башкалар үчүн үлгү болду. Айыл чарба продукциясынын баалуулугунун жана калктын жашоосун жогорулатууга Компаньон чоң салым кошот. Менин байкашымча, азыр бул нерсе Кыргызстанда жакшы бааланбай жатат. Бирок, жакында башкалар Компаньондун демилгесин баалайт деп ойлойм. Ал убакка чейин Банк кыйла алдыга кетет.  Бул боюнча Компаньондун  тажрыйбасын үйрөнүү мага абдан жакты.

Дайыма алга бул биздин стратегия

2009-жылы Монголиядагы өнөктөштөр менен чогуу биз эки социалдык-финансылык билим берүү программаларын баштадык: «Афлатун» (Aflatoun) (6-13 жаштагы балдар үчүн) жана «Умтулуу» (Aspire) (14-17 жаштагы балдар үчүн). Программаны баштагандан бери биз 100 дөн көп мектептерде 40 000 ден көп балдарды окуттук. Башында Өкмөт бул программага күмөндүү караган эле, бирок аягында, өткөн жылдан баштап, бул программанын бир бөлүгүн окуу программасына кошууну чечти. Биз так ушуну каалаган элек. Эми биздин катышуубуз талап кылынбайт. Мугалимдер жана мектептер өз алдынча иштөөнү уланта алышат. Эң жакында биз балдар үчүн экологиялык билим берүү программаларын пландайбыз. Дайыма алга– бул биздин стратегия.

Социалдык жоопкерчилик таштанды чогултуу менен байланыштуу эмес  

Бүгүнкү күнү жылына бир жолу таштанды чогултуу, дарыяларды тазалоо жана бак-дарактарды отургузуу – бул социалдык жоопкерчиликтин көрсөткүчү эмес. Бул деңиздеги тамчы сыяктуу пайдасы анча көп эмес. Биздин негизги максат – биздин финансылык кызматтарды күндө сунуштоо аркылуу социалдык жоопкерчиликтүү болуу. Биз жаратылышка зыян келтирбеген насыяларды беребиз. Мындай тейлөө стратегиясы – биздин акционерлердин талабы. Биздин насыялар жаратылышка зыян келтирбеген бизнести өнүктүрүү үчүн колдонулушу керек. Биз жаратылышка зыян келтирүүчү бизнестерге финансылык колдоо көргөзбөйбүз. Ушул биздин түшүнүктө социалдык жоопкерчилик болуп саналат. Кардарлар үчүн ыңгайлуу финансылык кызматтарды камсыздоо үчүн биздин башка стратегиябыз - консервативдүү узак мөөнөттүү коэффициенттерди колдонбоо жана насыяны төлөө үчүн ыңгайлуу графикти камсыздоо. Биз ишибиздин бардык багыттарында үч принципти сактоого умтулабыз: “Планета, эл жана өнүгүү”.  

 

Бардык жаңылыктар