Жаңылыктар

Компаньон Банкы үнөмдөө жумасын өткөрдү

1 11 2017

Компаньон экинчи жылы катары менен КР Улуттук банкы жана Германиянын сактык кассаларынын Фондунун демилгеси менен уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө жумасын өткөрүүгө катышты. Бул долбоордун чегинде октябрь айы боюнча биздин кызматкерлер Кыргызстандын мектептеринде финансылык сабаттуулук боюнча 100 көп сабактарды жана банктын 20 бөлүмдөрүндө ачык эшик күндөрүн өткөрүштү.

Экскурсия убагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер банктын иши менен таанышышты, үнөмдөө жана акча топтоо ыкмалары тууралуу үйрөнүштү, интерактивдүү мелдештерге катышышты жана уюштуруучулардан жагымдуу белектерди алышты. Ошондой эле жаш коноктор КРУБ жана Германиянын сактык кассаларынын Фондунун эксперттерине суроо беришти. Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнүнө туш келди жана бул күн жыл сайын бүткүл дүйнөдө 31 октябрь күнү үнөмдөө маданиятын үйрөтүү жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максаты менен өткөрүлөт.  

Бардык жаңылыктар