Жаңылыктар

Компаньон Банкы: 18 кайрымдуулук акциялары

22 11 2017

Быйыл 12 октябрда Компаньон Банкы өзүнүн 13-туулган күнүн майрамдады.  Социалдык жоопкерчиликке өзгөчө көңүл бөлүү менен, бул майрам үчүн салтанаттын ордуна, банк бүткүл өлкө боюнча 18 кайрымдуулук акцияларын өткөрдү. Акциялардын саны жөн эле тандалган эмес – Кыргызстандын бардык региондорунда так ушунча банктын филиалдары ийгиликтүү иштөөдө.   

Нарын филиалы Тогуз-Торо районунун Атай айылында көп балалуу үй-бүлө үчүн жана «Жеткинчек» бала бакчасы үчүн жылыткычтарды сатып берди. Мындан тышкары, беш жарды үй-бүлөлөргө азык-түлүк берилген.

Жалал-Абад филиалы Сузак районунун Сафаровка айылындагы балдар үйү үчүн кышкы бут кийимдерди сатып алып берди.

Өзгөн филиалы Кара Суу районундагы мектеп-интернатына жардам берди. Мектептин 176 окуучусуна тазалык үчүн буюмдар жана канцелярдык товарлар берилди.

Исфана филиалы Сүлүктү шаарындагы мектеп-интернатынын балдарына кийимдерди алып берип кубандырды.

Ноокен филиалы эки уюмга колдоо көрсөтүштү: Майлуу-Суу шаарындагы «Рахат» балдар үйүнө жана Масы айылындагы өзгөчө мектептин ден соолугу начар балдар үчүн. Балдарга спорттук жана кышкы кийимдерди белекке беришти.

Кербен филиалы эки көп балалуу үй-бүлөгө жардам берди, ал үй-бүлөлөр жетим  балдарды багып жатат. Балдарга кыш мезгилинин алдында эң керектүү бардык кышкы кийимдер берилди.

Кочкор филиалы Корчубек Акназаров атындагы мектеп-интернатына беш мектеп партасын белекке берди.

Токмок филиалы эки уюмга жардам берди: Ивановка айылындагы республикалык психиатрикалык ооруканасындагы балдарга жылуу кийимдерди жана өнүктүрүүчү оюндарды, жана Дмитриевкадагы орто мектеп-интернатына килемди белекке берди. Бардык балдарга момпозуйлар жана мөмө жемиштер берилди.  

Ош филиалы Ош шаарындагы интернаттын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча  көрүү жана угуу кыйынчылыктары бар балдар үчүн 120 балдар үчүн түктүү сүлгүлөрдү сатып берди.

Кадамжай филиалы жетим балдарга чай берди жана аларга  жылуу кышкы кийимдерди белекке берди.  

Токтогул филиалы «Кара Каш» карылыр үйүнө жардам берди, 28 пенсионерлер үчүн жылуу көлөчтөрдү жана байпактарды берди. Ошондой эле төрт жетим балдарга жылуу кышкы курткалары жана өтүктөр берилди.

Балыкчы филиалы «Ынтымактуу үй-бүлө» балдар үйү үчүн электроплита, азык-түлүк жана тазалык каражаттарын сатып берди. Мындан тышкары, филиал биздин банктын бир кардарына анын баласынын операциясы үчүн акча которуп берди.

Чүй филиалы Кара-Балта шаарындагы кризис борбору үчүн азык-түлүк жана жылуу кийимдерди сатып берди.

Каракол филиалы Барскоон айылындагы «Тоо Булбулу» реабилитациялык борбору үчүн канцелярдык товарларды жана стулдарды белекке берди.

Бишкек филиалы Бишкек шаарынын Соцфонду берген тизме боюнча беш пенсионерге азык-түлүк сатып берди.

Борбордук филиал Улуу Ата-Мекендик согуштун төрт ветерандардын үйлөрүнө барып, баатырлар тууралуу маалымат бергендери үчүн аларга керек дары-дармек жана «Ветераны 365» Фондунун азык-түлүк баштыктарын берди.

Банктын Башкы кеңсеси Беловодскдогу мектепке чейинки жаштагы балдар үйүнүн чатырын оңдоо үчүн жардам берди. Алар көптөн бери мектептин чатырын оңдоого муктаж эле. Эске сала кетсек, Компаньон Банкы бул бадар үйүнө 2006-жылдан бери  жардам берип келе жатат. 

 

 

Бардык жаңылыктар