Жаңылыктар

12-Алма фестивалына чакырабыз

19 10 2017

Компаньон Банкы 2017-жылы 25 октябрь күнү Баткен областынын Лейлек районунун Искра айылында өткөрүлүүчү 12- Алма фестивалына чакырат. Фестиваль биринчи жолу 2006-жылы Ысык-көлдүн жээгинде  өткөрүлгөн жана андан бери ал жакшы салт жана биздин өлкөнүн дыйкандары үчүн эффективдүү экономикалык аянтча болуп калды. 

«Алма фестивалы биздин өлкөнүн бардык аймактарындагы коомчулуктардын потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет. Былтыр биз Алма фестивалын  Кадамжай районунда өткөрүп багбандарга 1500 тоннадан көп алма сатууга жардам бергенбиз. Мындан тышкары, ал иш-чарага бир гана Баткен областынын дыйыкандары жана жашоочулары эмес, Франция жана Өзбекистандан да делегациялар келишкен. Быйыл да ийгиликтүү иш-чараны уюштурууну пландайбыз», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Эркинбек Жумабаев белгилей кетти. 

Иш-чаранын негизги максаты- багбанчылыкты өнүктүрүү жана  агропродукциялардын сатуучулары менен сатып алуучулары арасындагы базар байланыштарын бекемдөө. Бул фестивалда катышуучулардын өздөрүнүн түшүмдөрүн  сатуу жана Компаньон Банкынын агрономия жана ветеринария боюнча адистеринен акысыз кеңештерди алуу мүмкүнчүлүктөрү болот. Фестивалдын программасында алмалардын көргөзмө-жарманкеси, мелдештер, музыкалдык номерлер жана мөмө тамактарынын дегустациясы бар. Ошондой эле эң даамдуу 15 ден көп алма мөмөлөрү көргөзүлөт. Фестивалга 100 дөн көп катышуучулар жана 700 жакын киши келет деп күтүлүүдө.   

Катышуу суроолору боюнча Банктын PR-кызматына кайрылыңыздар: pr-team@kompanion.kg же 88 00.

Бардык жаңылыктар