Жаңылыктар

Социалдык миссиясы бар Банк

12 6 2019

Биз Банк 2019-жылдын майында «Социалдык миссиясы бар банк » брошюрасын чыгарганын кубануу менен билдиребиз, анда банктын бардык өнүктүрүү демилгелерин жана Компаньон Банкынын командасы тарабынан 15 жылда жасалган иштердин натыйжаларын кеңири сүрөттөгөнбүз.

Компаньон Банкы, өз Миссиясын кармануу менен, кардарлардын жана жамааттардын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сакталуусуна өбөлгө түзүүчү социалдык жооптуу финансы кызматтарын берет. Миссиянын алкагында, 2010-жылы Банкта агрономия жана мал чарбасы тармагындагы жогору квалификациялуу 30 адистен турган окутуу жана жамааттарды колдоо адистештирилген бөлүмү түзүлгөн, алар өлкөнүн алыскы региондорунда жашаган багбандар жана фермерлер үчүн ар жылы консультацияларды жана акысыз окутууларды өткөрүшөт.

2019 – 2021-жылдарга кабыл алынган Банктын стратегиясынын алкагында, банк кызматтары менен катар эле, биз жергиликтүү жамааттарды бекемдөө үчүн финансылык эмес кызматтарды берүүнү жана аларга социалдык-экономикалык өнүгүүдө көмөк көрсөтүүнү улантабыз. Банк кызматтары менен камтылбаган жамааттар үчүн, анын ичинде мигранттар үчүн Финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү программасы жаңы артыкчылыктуу багыт болуп калат, ал үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу жана жамааттардын деңгээлинде топтоолор маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзмөкчү.

Бардык жаңылыктар