Жаштар үчүн жумуш

Жыл сайын өлкөнүн бардык жерлеринен таланттуу жаштардын өкүлдөрү биздин катарыбызга кошулат. Ар бириңер Компаниянын бөлүмдөрүндө белгиленген багыттар боюнча иштеп, карьеранын жолун «Компаньон Банкы» ЖАКтын стажировкасынан баштасаңар болот.
Биз жигердүү түрдө өлкөнүн жогорку жайлары менен кызматташабыз. Ар кайсы шаарларда биз эң мыкты окуу жайлары менен макулдашууларды түзөбүз. 
Бүтүрүүчүлөр үчүн стажировка программасы – алдыңкы катардагы каржы институттардын биринде өз карьераңызды баштоого эң мыкты мүмкүнчүлүк. Стажировкалар үч айдан алты айга чейин аныкталган программа боюнча өтөт. Стажировканын жыйынтыгы боюнча мыктылардын мыктысы өз кесиптик жолун компаниянын штатында уланта берет.

Акысыз корпоративдик окуу жана кесиптик өнүгүү, команданы түзгөн программалар, мотивация системасы – булардын баары сени күтөт.

Кызыктуу экенби? Кел анда!

Резюме жөнөтүү Анкетаны толтуруу

Резюме кызмат орду милдеттүү түрдө көрсөтүлүп берилиши керек

- Бишкек ш., Шота Руставели көч., 62
- email: cv@kompanion.kg.

Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Эң ыңгайлуу гана талапкерлер сүйлөшүүгө чакырылат.