Талаптар:
- Жогорку кесиптик (экономикалык) билим.
- Банк чөйрөсүндөгү иш тажрыйба – 3 жылдан кем эмес
- Операциялык блоктун банк операцияларын: эсептерди, депозиттерди, банктык карталарды ачууну жана тейлөөнү, эсеп ачпастан акча которууларды, алмашуу операцияларын, эсептешүү-кассалык тейлөөнү ишке ашыруу процедураларын иш жүзүндө билүү.
- SWIFT, Реалдуу убакыт режиминдеги эсептешүүлөрдүн гросстук системалары (РУРЭГС), Майда чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы (ПКС) боюнча иштөөнүн негиздерин билүү.
- Ишенимдүү пайдалануучу деңгээлинде компьютерди билүү, Microsoft Windows (Word, Excel, Outlook Express, PowerPoint ж.б.), анын ичинде эсепке алуу программаларын пайдалана билүү.
- Банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле КРУБдун ченемдик актыларын билүү.
- Бухгалтердик эсептин операциялык ишмердүүлүк ишине тиешелүү негизги эсептерин билүү.
- Сабаттуу сүйлөө, окутулуучулук, командада иштей билүү, жоопкерчилик, коммуникабелдүүлүк, жогорулатылган оордук шарттарында иштей билүү.
- Офистик техника менен иштей билүү.
- Кыргыз, англис, орус тилдерин билүү.
Милдеттери:
- Жеке, юридикалык жактардын жана ЖИлердин улуттук жана чет элдик валюталардагы депозиттерин ачуу жана тейлөө.
- Жеке, юридикалык жактардын жана ЖИлердин улуттук жана чет элдик валюталардагы эсептешүү эсептерин жана депозиттерин ачуу жана жабуу.
- SWIFT, Банк-клиент системалары боюнча оператордун функцияларын аткаруу, РУРЭГС, ПКС операторунун функцияларын аткаруу.
- СВИФТ, Гросс/Клиринг системасы боюнча методикалык материалдарды, тренингдик материалдарды жана башка нускамаларды иштеп чыгуу.
- Эсеп ачпастан акча которууларды жөнөтүүнү жана төлөп берүүнү ишке ашыруу.
- Эсеп ачуу жана банк караталарын чыгаруу жана тейлөө.
- Кардарлардын досьесун түзүү жана сактоо, кардарларга бардык банктык продуктылар боюнча консультация берүү.