Биздин кардарларыбыз

Өрүк бакчасы – кооз жана кирешелүү!

Чоң-Сары-Ой айылы, Ысык-Көл областы

2008-жылы билими боюнча экономист Алыбаев Дүйшөнбү жер сатып алып, өрүк бактарын отургузган эле. Бир канча жыл өтөт, бирок бакча түшүм берген эмес жана дыйкан күткөн киреше алып келген эмес. Кантип отургузуу, бакчаны кантип сугаруу жана багуу тууралуу кеңеш сурачу эч ким жок эле. 2015-жылы жылдык акысыз окутууну өткөрүү үчүн Компаньондун адистери 15 дыйкандан турган топту түзүшкөн. Дүйшөнбү бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, дыйкандардын талаа мектебинеги демилгелүү тренингдерге  үзгүлтүксүз барып жүрдү. Компаньондун агроному пайдалуу теоретикалык сабак берип, кезек менен ар бир тренинг катышуучусунун бакчасында практикалык сабактарды өткөрдү. Аны менен бирге, сабакта Дүйшөнбүнүн өзүнүн багын тиккенде кетирген каталарын талдашты. Ал таштак жерге өтө кичинкей чуңкурларды жасаган, бактарды бир-бирине өтө жакын отургузган, көчөттөрдү Чүй областындагы базардан сатып алган. Көчөттөр жергиликтүү шарттарга көнгөн эмес эле.

Бакчаны багуу боюнча жаңы билим алып жана бак кесүү жана кыйыштыруу өнөрлөрүн үйрөнгөндөн кийин, дыйкан Компаньондон өзүнүн биринчи насыясын алган жана жергиликтүү питомниктен дагы 50 көчөт сатып алган. Биринчи насыяны ийгиликтүү төлөгөндөн кийин, Дүйшөнбү 2016-жылы заемдук инвестицияларды батымдуулук менен кийинки бактардын тобун (40 даана) тигүү үчүн жаткырды. Азыр болсо, анын бакчасында өрүк бактары гана эмес, алма бактары, гилас, карагат жана малина да өсөт. Жерди бүткүл үй-бүлөсү менен иштетишет. Ошондой эле, Дүйшөнбү агасынын үй-бүлөсүн жумушка тартуу менен аларга кошумча иштеп акча табуу мүмкүнчүлүгүн берген.   

" Кийинки насыяны тамчылатып сугаруу жабдыктарын сатып алуу үчүн колдоном деп ойлойм. Ал сууга жумшалган чыгымды жана эмгекти азайтат жана менин түшүмүмдүн сапатын жакшыртат жана санын көбөйтөт", - дейт бардыгын кылдаттык менен пландаштырып чечкен ишкер. 

 

Бардык кардарлар