Биздин кардарларыбыз

НАН БААРЫНАН УЛУК

Жолдошева Гүлнур ийгиликтүү бизнес-айым жана үч баланын энеси. Көп жылдан бери Компаньондун жагымдуу кардары. Гүлнур Ош облусундагы Эски-Ноокат айылында төрөлгөн. Атасы экономист, апасы башталгыч класстардын мугалими болчу. Эмгекчилдик, чынчылдык, сыйкордук жана максатка умтулуу деген сапаттарды ата-энеси бала кезинен үйрөткөн. Мектепти бүткөндөн кийин Гүлнур Медициналык институтуна өттү, бирок турмушка чыгып, жана күйөөсү менен Ыссык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылына көчүп, жогорку жайын бүтпөй калды. Советттер Союзу таркагандан кийин советтен кийинки мейкиндикте бардык жашоочулар үчүн татаал заман келген.
 
90-жылдары жалпы жумушсуздук учурунда, Гүлнур нан бышыруу боюнча бизнес баштайын деп, чечимге келди. Күйөөсү менен бирге тандыр мешин курушту. Башында бир күндө ундун 20кг эле иштете алышты. 1999-жылы Гүлнур бизнес өнүктүрүү үчүн чакан насыялоо жана насыя алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тааныштарынан укту. Гүлнур биринчи насыясын товар айланышын көбөйүшү үчүн ун сатып алып колдонду.
 
-Башында абдан кыйын болду. Бизде эч нерсе жок болчу, - деп, эстейт Гүлнур. - Биз ундун бир сабын күн сайын кол араба менен алып келип, камырды кол менен жууруп, жүрдүк. Менин балдарымдын шаңдуу балалыгы болгон жок, алар мага жардам беришти. Өзүнүн курдаштары менен ойногондун ордуна май менен табаларды сыйпап, казандарды тазалап жүрүштү.
 
Бир аз убакыттан кийин Гүлнур бир күндө ундун бир сабын иштете баштады. Ал өзүнүн товар айланышын көбөйтө алды, экинчи мерчиминде ириреек насыя алып, биринчи электр духовкасын сатып алды. Тилекке каршы, топтун бир мүчөсү мерчимди бүтүрбөй, каза болуп калды. Бирок Гүлнур жана топтун башка мүчөлөрү, туугандарынын каршылыгына карабастан, топтук тилектештигин сактаган ишенимдүү өнөктөштүгүн көрсөтүп жана баары бирге топтук насыянын бардык суммасын төлөй алышты.
 
-Адегенде биз өзүбүздүн наныбызды биздин Кызыл-Суу айылында сата баштадык, - деп, сөзүн улады Гүлнур . - Күчтүү атаандаштык болуп абдан кыйын болду. Биз жасаган нандын бөлкөсүнүн салмагын көбөйтүп, кардарларыбызды өзүбүзгө тарта баштадык, анан дагы биздин наныбыз даамдуу деп, жактырышты.
 
Бүгүнкү күндө Гүлнурдун жана анын күйөөсүнүн заманбап кууруп бышыруучу шкафтары, камыр жууруугучу, суу жылыткычы, токоч жасоо үчүн электр тандыры жана трансфоматор менен жабдылган цехи бар. Цехте 4 жалданма кызматкери бар, жана бардык Жети-Өгүз району боюнча Гүлнурдун күйөөсү өзүнүн авто унаасы менен нан ташыйт. Үй-бүлө чоң үй, авто унаа сатып алып, балдарына билим бере алды. Улуу баласы Бишкекте жогорку окуу жайын бүтүрүп, өзүнүн бизнесин баштоо жөнүндө ойлоп жатат. Ортоңку кызы да жогорку окуу жайында окуйт, кичүүсү мектепти бүтүрүп жатат.

Бардык кардарлар